Ош шаарында Өзбекстандан келген газдын басымы төмөндөдү. Бул тууралуу Ош шаардык газ чарба башкармалыгынын башчысы Маматкалык Аматов Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен болгон жолугушууда билдирди. Аматовдун айтымында, Өзбекстан Ош шаарына кыш мезгилинде 3000 куб метр көгүлтүр от бериши керек болсо, учурда 2000 куб метр гана берилип жатат.
Калаа башчы Кадырбаев аталган маселени газ чарба башкармалыгынын башчысына тез арада чечүү керектигин билдирип, ал аракеттерди өзү көзөмөлгө аларын айтты.(YI)
Калаа башчы Кадырбаев аталган маселени газ чарба башкармалыгынын башчысына тез арада чечүү керектигин билдирип, ал аракеттерди өзү көзөмөлгө аларын айтты.(YI)