Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Кыргыз-тажик сүйлөшүүсү майнап бере элек


Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз калууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөнбиев билдирди. Анын айтымында, 23-январда Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев тажик чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушту. Анда чек аралардагы абалды жеңилдетүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди аткаруу каралды. Бирок сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз калууда.

Кыргыз-тажик чек арасында абал 11-январдагы куралдуу кагылышуудан кийин курчуп кеткен. Чек арадагы ок атышууда беш кыргызстандык жоокер, бир милиция кызматкери жараат алган. Тажикстандын үч чек арачысы да жарадар болгону айтылды.(BkA)

XS
SM
MD
LG