Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Атамбаев: Кыргызстанды аксаткан улутчулдук менен жердештик


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бир катар ишмерлерге сыйлык тапшыруу аземинде билдирди. Атамбаевдин айтымында, учурда Кыргызстанда чек арага, экономикага, армияга байланыштуу абдан көп маселелер бар. Бирок президент булардын ичинен негизги маселе катары улутчулдук жана регионализмди атады.

- Айрым күчтөр Кыргызстанды улуттук жана регионалдык өзгөлөчөлүккө жараша бөлүп-жаргысы келип жатат. Бирок алардын куру кыйкырыктарына карабай биз өз жолубузду уланта беребиз. Алардын мезгили өттү-деп билдирди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев эл арасында мындай чакырыктарды ээрчигендер азайганын кошумчалады. Президент коррупцияга каршы күрөш аз-аздап болсо да жыйынтык бере баштаганын белгилеп, бул күрөштө өзүнүн жакындары баш болуп эч кимге аёо болбой турганын эскертти.(BkA)

XS
SM
MD
LG