Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Үч-Дөбөдөн аң казган тажик күч кызматтары чыгарылды


Мындай маалыматты чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 23-январь күнү тажик чек арачылары Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан көзгө атар аскерлер үчүн аңдарды казып даярдашкан. Айылга өтө жакын келип Кыргызстан жарандарынын турак-жайларына 50 метрдей жакын жерде иш аракеттер болгон. Бул аракет боюнча эки тараптуу чек арачылардын сүйлөшүүсүнөн кийин чек ара сызыгын эске албай аң казуу иштерин жүргүзгөн Тажикстандын ички иштер министрлигинин кызматкерлери аймактан чыгарылган.(JsA)

XS
SM
MD
LG