Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Чек ара кызматы: куралчан топ Кытайдан келген


Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз чек арачылары белгисиз топтун кайдан келгенин аныктоо максатында бүгүн окуя болгон аймактарды кыдырып чыкты. Натыйжада, Кайчы ашуусунда Кытай тараптан келген адамдардын издери жана от жагылган очоктун орду байкалган. Мындан улам Чек ара кызматы 11 кишиден турган топ дал ушул ашуу аркылуу Кыргызстанга келгенин билдирүүдө. Ошондой эле Кытай элчилигинин Караколго барган өкүлдөрү ал адамдардын сөөгүн көрүп, уйгур улутундагылар экенин билдиришкен. Жакынкы аралыкта алардын сөөктөрү Бишкекке алынып келип, тиешелүү экспертизадан өткөрүлгөн соң Кытайга өткөрүлүп берилмекчи.

23-январда Ысык-Көл облусунда кыргыз-кытай чек арасында 11 кишиден турган белгисиз топ кыргыз күч кызматтары тарабынан жок кылынган. Алар чек арадан мыйзамсыз өтүп, жергиликтүү аңчы Александр Барыкинди мыкаачылык менен өлтүргөн. Чек ара кызматынын версиясы боюнча кыргыз-кытай чек арасынан 80 чакырым ары жайгашкан Уши шаарчасындагы ишмердүүлүк жүргүзгөн сепаратисттик топтун мүчөлөрү болушу ыктымал.(BkA)

XS
SM
MD
LG