Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Батыровдорго катталган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


Жалал-Абад облустук прокуратурасы 2010-жылдагы Июнь окуясын уюштурууга катышты деп айыпталган Кадыржан Батыровдун жубайы Карамат Батыровага таандык жер тилкесин аныктады.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Батырова 2007-жылы мыйзамсыз жол менен Сузак районунун Таш-Булак айылындагы 9,8 гектар жер тилкени менчиктештирип алган. Бул факт белгилүү болгон соң прокуратура Жалал-Абад облустук сотуна аталган жер тилкени кайтарып алуу тууралуу арыз менен кайрылган. Сот жакында прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, жер тилке Таш-Булак айылынын карамагына өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абад облустук соттун чечими менен 2010-жылдан бери качып жүргөн Кадыржан Батыров үй-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси Батыров 2010-жылдын май-июнь окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык башаламандыкка катыштыгы бар деп айыпталган. Батыров өзү бул айыптарды четке кагып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG