Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Киевде дагы бир митингчи көз жумду


Украин бийликтери Киевде өтүп жаткан кагылышуулардын дагы бир катышуучусу ооруканада каза болгонун тастыкташты. Ал арада Киевдин борборунда өтүп жаткан митингдин катышуучулары акциянын лидери Дмитрий Булатов тууралуу маалымат үчүн 10 миң доллар сыйлык жарыялашты. Булатов 23-январга караган түнү жоголгон. Ошондой эле Киевде башкы прокуратуранын жанында 500 адам пикет өткөрүүдө.

Ал арада митингчилер тарабынан кармалган эки милиция кызматкери бошотулду. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Виталий Захарченко билдирди. Анын айтымында милиция кызматкерлери учурда ооруканада. «Украинская правда» гезитинин маалыматы боюнча, кечээ Киевдеги Оболон соту 17 активистти эки айга камады.

Оппозиция 5 митингчи каза болду десе, ИИМ 3 адамдын өлүмүн тастыктап, бирок буга милициянын тиешеси жок экенин жарыялаган. Президент Виктор Янукович ишемби күнү оппозициянын негизги лидерлери менен дагы бир ирет жолукту. (AiK)

XS
SM
MD
LG