Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү Кыргызстанда “жумушсуз” деп катталгандардын 60 пайызы оңой менен иш таба алышпайт. Ал эми жумушсуздардын ичинен 14% жогорку билимдүүлөр.
Өткөн жылы Жаштардын эмгек биржасына 8167 киши жумуш сурап расмий кайрылган, алардын ичинен 3420сы кыз-келиндер. Кайрылгандардан 3758 киши, анын ичинде 1835 аял иш менен камсыз болгон. Жалпы өлкө боюнча өткөрүлүп туруучу иш орун жарманкелерине бир жылда болгону 135 иш берүүчү кайрылган.
Ишке орноштурулгандардын ичинен 2% мамлекеттик тармактарга, 98% жеке менчик ишканаларга орноштурулган.
Жумушка орношуу боюнча тейлөө тармагы, тагыраак айтканда коомдук тамактануу жана мейманкаларда кызмат көрсөтүү алдыда турат, андан кийин курулуш тармагы, үчүнчү орунда - соода жана автомобиль оңдоо жумушчуларды арбын талап кылган тармактардан.(ZKo)