Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Аба ырайы: чукул эскертүү


29-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол-Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо эскертилет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,
Баткен облусунда 0...-5, күндүз 2...7,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5,
Тоолуу аймактарда түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -4…-6, күндүз 4…6 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG