Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Атайын полктун курамын толуктоо уланууда


Ички иштер министрлигинин алдында түзүлгөн атайын полктун курамын толуктоо иштери уланууда.

25-январь күнү расмий жарыяланган полкто учурда 600 чамалуу кызматкер бар. Курамдагылардын саны миңге жеткирилерин “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, мындан ары массалык жыйындардагы тартипти катардагы милиция кызматкерлери эмес, атайын полктун өкүлдөрү карайт. Ар кандай наарызылык акцияларды жана майрамдык жыйындарды көзөмөлдөө милдети аларга жүктөлөт.

Полктун курамына ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткандар жана милицияда иштөөнү каалаган ден соолугу чың уландар кабыл алынууда. Алардын баары курал-жарак жана тийиштүү каражаттар менен камсыздалат.

Айрымдар бул аракетти бийликтин өзүн өзү коргоо кадамы катары да баалап жатат. Бирок өкмөт өкүлдөрү аталган полк эч кандай саясий максатты көздөп түзүлгөн эместигин айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG