Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Сирия: тараптар сүйлөшүүнү улантат


Женевада эки күндөн бери өтүп жаткан Сирия өкмөтү менен оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу бүгүн да уланат. Жекшемби күнкү сүйлөшүүлөрдө Хомс шаарындагы балдардын жана аялдардын абалы талкууланды.

БУУнун жана араб өлкөлөрүнүн Лигасынын атайын өкүлү Лахдар Брахими билдиргендей, жолугушууда абал курчуп турган аймактагы аялдарды жана балдарды коопсуз жерге көчүрүү боюнча сүйлөшүү жүрдү.

Андан сырткары оппозиция өкүлдөрү түрмөдө жаткан он миңдеген жарандарды тез арада бошотуу талабын да айтышты.

Оппозиция өкүлдөрү түрмөдө жаткан он миңдеген жарандардын тизмесин көрсөтүп, аларды тез арада бошотуу талабын да айтышууда

Сириядагы абал боюнча өткөн аптада Швецариянын Женева шаарында 30 чамалуу мамлекет өкүлдөрүнүн катышуусунда конференция болгон. Эки күндүк жыйынды улай, 25-январда Сирия өкмөтү менен оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү башталган.

Төртүнчү жылга созулуп бараткан кандуу кагылыштардан бери өкмөт менен оппозиция биринчи жолу сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG