Бүгүн Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасын жырып өтүүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чара болот. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Митинг реквиемге коомдук ишмерлер, согуш ардагерлери жана калаа жетекчилиги катышат.
2012-жылдын 8-майында борбор калаада блокадачыларга арналган мемориалдык комплекс да ачылган.
Ленинград 1941-жылдын сентябрь айынан тартып фронт-шаарга айланган. Гитлердик аскерлерге калааны жер менен жексен кылуу буйругу берилген. Блокада 1944-жылдын 27-январында cовет жоокерлери тарабынан талкаланган.
Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала болгон. (SE)