Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:31

УКМК: Иштебей айлык алгандар боюнча кылмыш иш козголду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштебей айлык жаздырып жүргөндөр боюнча дагы бир кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты. Бишкектеги №1 орто кесип берүүчү окуу жайдын башчысы жана айрым жетекчилери жок кызматкерлерди жазып, алар үчүн бюджеттен ай сайын айлык жаздырып алып турган деп шектелүүдө. Тергөө жүрүп жатат.

Өткөн аптада УКМК Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде да ушундай факт катталганын билдирген. Ал эми Бажы кызматында пенсияга чыгып иштеп жүргөндөрдүн айрымдары да жасалма документ менен акча коштуруп алып жүргөнү айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG