Нарында бүгүн жаштардын бизнес-форуму башталды. Шаардын жаштар ордосунда өтүп жаткан иш-чараны уюштуруучлар «Business Camp-2014» деп атады. Эки күнгө созула турган форумга бардык райондордон, шаардан чогулган 100дөй жаш активист катышууда. Бүгүн маркетинг, менеджмент, бизнести пландоо жана базар тармагын анализдөө жагы окутулуп жатат. Эртең шаардагы жаш ишкерлердин бизнеси менен жеринде таанышып, Нарын облусунун шартына ылайыктуу бизнес долбоорлорун сунуштай алышат. Мыкты долбоор сунуштаган жаштар баалуу белектер менен сыйланат.
Форум "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен "Жаштар
программасы" аркылуу "Нарындын жаш лидерлери" коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлүүдө. (TSh/RK)
Форум "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен "Жаштар
программасы" аркылуу "Нарындын жаш лидерлери" коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлүүдө. (TSh/RK)