Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Элчилик: Былтыр Орусиядан 357 "жүк-200" жөнөтүлгөн


Былтыр Орусиядан Кыргызстанга 357 "жүк-200" жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, каза тапкан кишинин сөөгүн Кыргызстанга Москвадан жөнөтүү 35-40 миң рублга айланса, Орусиянын алыскы аймактарынан жөнөтүү 60-150 миң рубл талап кылат.

Бул акчаны маркумдун жакындары, жердештери өзүлөрү чогултат, кээде иштеген жери бөлүп берет. Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза тапкан жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө акча бөлбөйт.

Бейрасмий маалымат боюнча, Орусияда миллионго чукул кыргызстандык жашайт. Көбүнчөсү соода-сатыкта, курулушта жана тейлөө тармагында иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG