Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Кочкордо төрт киши иске ууланып, ооруканага түштү


Нарындын Кочкор районунда төрт адам көмүрдүн исине ууланып, ооруканага түшүп калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук өрткө каршы мамлекеттик башкармалыктан кабарлашты.

Кечээ, 26-январда Кочкор районунун тургуну Жүзүмкан Исакова кечки саат 11де мешке көмүр салып, күл чыгаруучу эшигин ачык бойдон калтырып, уктап калган. Бир
сааттан кийин үйдүн ичи түтүнгө толуп, бактыга жараша, үй ээси
ойгонуп, тез жардам чакырып, 3 кызы менен райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда бейтаптардын абалы жакшы. Өрт өчүргүчтөрдүн айтымында, ууланууга мештин мору өз убагында көөлөнбөй, толуп калганы себеп болгон. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG