Ош шаарында борбордук жылуулук системасына кирген үйлөргө жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Ош шаардык жылуулук берүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кубаныч Алишеров билдирди. Анын айтымында, калаадагы жылуулук системасына туташтырылган бардык көп кабаттуу үйлөр үзгүлтүксүз камсыз болууда:
- Жылуулук берүү тармагы акыркы күндөрдөгү аба ырайынын ысыктыгына карабай талаптагыдай иштеп жатат. Жылуулук тутумуна кошулуудан мурда баш тарткан үйлөргө гана жылуулук берилген жок.
Ошто көп кабаттуу 438 үй бар. Анын жүздөн ашууну жашоочулардын каалоосу менен борбордук жылуулуктан ажыратылган. Тургундар үйдү жылытуу үчүн электр плитасын колдонуп келет.
Борбордук системадан ажыратылбаган Кулатов жана Курманжан Датка кичи райондорундагы үйлөрдө өткөн жумадан бери жылуулук жок болуп жатканын бүгүн "Азаттыкка" ошол жерде жашаган айрым жарандар кабарлаган болчу.(YI)