Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Бешимов: Тажик тарап чек ара окуясын чогуу иликтөөгө макул болду


Тажик тарап чек арадагы соңку окуяны чогуу иликтөөгө макул болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Анын айтымында, буга чейин кыргыз тарап жөнөткөн нотага жооп кечээ келди. Азыр иликтөө качан башталаары, эки тараптан кимдер катышаары такталууда.

11-январда Баткенде кыргыз тарап өзүнүкү деп эсептеген жерге жол куруусуна байланыштуу чек арада атышуу болгон. Себеби тажик тарап ал тилкени талаштуу деп эсептейт. Атышуу учурунда эки тараптан он чакты киши жараат алган. Расмий Дүйшөмбүнүн бул окуя боюнча билдирүүлөрүн кескин сындап, Кыргызстандын ТИМи Тажикстандагы элчини чакыртып алган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG