Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсү уланууда


Сирия өкмөтү менен оппозициянын түз сүйлөшүүсү Женевада бүгүн үчүнчү күн катары менен уланды. БУУнун арачысы Лахдар Брахими уюмдун убактылуу өкмөт боюнча планы талкууга алынат деген үмүтүн билдирди. Оппозиция убактылуу өкмөткө президент Башар ал-Асад аралашпашы керек деп жатат. Дамаскинин өкмөтү буга каршы.

Кечээ жекшембиде каршылаш тараптар гуманитардык чараларды талкууга алышты. Сириянын өкмөтү курчоодогу Хомс шаарынан аялдар менен балдар кетиши керек деди. Брахими муну «алар Хомстон тоскоолдуксуз дароо чыгып кете алат» деп түшүнгөнүн билдирди. Сириянын борбордук аймагындагы Хомстун айланасында негизги согуш аракеттери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG