Кытайдын билдиришинче, бул өлкөнүн айга жиберген «Юту» деп аталган космос кемеси бузулуп калгандыктан, ишин бүтүрө албай калышы мүмкүн. Өткөн айда ишке кирген «Юту» Айдын бетин үч ай изилдемек. Кытайда интернеттеги социалдык тармактарда «Ютуга» көңүл айткан билдирүүлөр жайнап кетти. Ал Айга 37 жылдан бери биринчи конгон кеме болуп калган эле.