Украинада башкы оппозициячыл партиялар президент Виктор Янукович менен сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин бышыкташты. Ошол эле мезгилде алар демонстранттардын чыдамы бүтүп бараткандыгын эскертишти. Биргелешкен билдирүүсүндө оппозиция лидерлери «бийлик сүйлөшүүдөн баш тартып, чукул абал киргизүүнүн айласын издеп жаткандыгына» карабастан, мунаса издөөгө даяр экендигин белгилешти. Киевде демонстранттар өткөн түнү юстиция министрлигин ээлеп алышкан.
Юстиция министри Олена Лукаш кризисти жөнгө салуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү экендигин белгилеп, демонстранттар имаратты бошотпосо, чукул абал жарыялоону талап кылаарын эскертти. Мунун алдында президент Виктор Януковичтин партиясы «фашисттик жаштар төңкөрүш уюштурууга аракет жасап жатат» деп айтылган билдирүү таркаткан эле.