Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Сирия: сүйлөшүү убактылуу өкмөт маселесинде "чалынды"


Сириянын мамлекеттик сыналгысы билдиргендей, Швецарияда өтүп жаткан сүйлөшүүдө өкмөт өз жоболору боюнча билдирүү жасады. Кабарларга караганда, оппозиция «Убактылуу өкмөт түзүү каралган эмес» деп бул документти дароо четке какты. Өкмөт оппозициянын убактылуу өкмөткө президент Башар ал-Асад аралашпашы керек деген талабын кабыл алган жок.

Ал эми Сириянын Улуттук коалиция делегациясынын маалымат катчысы Монзер Акбик тараптар бүгүн Женева билдирүүсүнүн үстүнөн иштеп жаткандыгын маалымдады:

– Бүгүн өткөөл өкмөт тууралуу сүйлөшүү башталат. Бул саясий маселелер боюнча сүйлөшүүнүн биринчи күнү. Биз документтерди көргөзөбүз. БУУнун эксперттери катышат. Алар Женева билдирүүсүн даярдоого да катышты. Гуманитардык маселелер боюнча да жылыш жасоо далалаты болуп жатат.

Кошмо Штаттары Сириянын курчоодогу Хомс шаарына гумжардам жеткирүүгө жол ачууга чакырды.

XS
SM
MD
LG