Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

ИИМде пенсиясына акча коштуруп алгандар боюнча иш козголду


Ички иштер министрлигинде прокурордук текшерүү жүргүзүлүп, пенсия боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратурадан кабарлашты. Министрликтин айрым кызматкерлери "шарты оор аймакта жашайт" деген жасалма аныктама менен кээ бир пенсионерлерге кошумча акча жаздырып берип жүргөн деп шектелүүдө. Прокуратуранын маалыматында, мунун кесепетинен мамлекетке 1,5 миллион сом зыян келтирилген.

Соңку апта ичинде жасалма документ менен кошумча айлык, пенсия алып жүргөндөр боюнча ушуну менен үчүнчү факт катталууда. Буга чейин Бажы кызматы жана Бишкектеги кесиптик окуу жайлардын бири тууралуу сөз болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG