Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Йемендик уюм Назаралиевди Нобел сыйлыгына көрсөттү


Йемендеги «Life Friends» араб коомдук бирикмеси кыргыз наркологу Жеңишбек Назаралиевди Нобел сыйлыгына сунуштап Швед академиясына кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Акыл-эс маңзаттан сырт» дүйнөлүк лигасынан билдиришти.

«Life Friends» уюмунун жетекчиси Ахмед аль-Асбахи өзүнүн билдирүүсүндө «Назаралиев адамзат жашоосу үчүн иштеп, миллиондогон баңги адамдарга акыркы мүмкүнчүлүк бере алды» дейт.

Бул боюнча Назаралиев өзү «Азаттыкка»: «Абройлуу сыйлыкты алуу үчүн мен глобалдуу идеяларымды ишке ашыруум керек, бул кеминде эле 25 жылды талап кылат» деген пикирин билдирди.

Учурда Назаралиев Кыргызстанда кара куурайды мыйзамдаштыруу демилгесин көтөрүүдө. (SA/RK)

XS
SM
MD
LG