Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа бүгүн кечинде Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу "Азаттыкка" ЖККУнун катчылыгынан кабарлашты.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен талкуулана турган маселелердин бири катары кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуя аталууда. Кечээ, 27-январда Бордюжа Дүйшөмбү шаарына барып келген.
Айрым серепчилер чек ара маселесине байланыштуу кыргыз-тажик саясый сүйлөшүүлөрүнө ЖККУ арачы болуп берүүсү зарыл деген оюн айтууда. Учурда Кыргызстан Баткенде тажик айылдарын айланып өтчү жол куруп жатат. Бирок тажик тарап ал жерди талаштуу деп эсептейт. Ошонун айынан 11-январда чек арада ок атышуу болуп, бир нече чек арачы жараат алган. Бул окуядан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандагы элчини чакыртып алган. (EBM/RK)