Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:06

Ак үй Хамид Карзайдын чечимине нааразы


АКШ Ооган өкмөтүнүн Вашингтон коркунучтуу согушчандар деп соттолуучу туткундарды абактан чыгарышына каршы экенин эскертти. Пентагондун өкүлү, полковник Стив Уоррен 27-январда билдиргенге караганда, Ооган өкмөтү Ооганстандын байкоочу кеңешине 37 туткунду бошотууну буйруган. Алардын айрымдарынын өркүндөтүлгөн үлгүдөгү бомбаларды жасоого же пайдаланууга, башкаларынын ооган же чет элдик аскерлерге кол салууга тиешеси бар, деди Уоррен.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен да береги туткундар саясый жүйө менен бошотулбасы керектигин билдирди. Туткундарды бошотуу Вашингтон - Кабыл алакасын солгундаткан соңку маселе. Ак үй азыр президент Карзайга кысым жасап, 2014-жылдан кийин АКШ аскерлерине Ооганстанда калууга мүмкүндүк берген коопсуздук келишимине кол койдуруунун аракетин кылууда.

XS
SM
MD
LG