Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:36

Францияда Түркияны ЕБга кабыл алуу боюнча референдум болот


Түркия Евробиримдикке мүчөлүккө татыктуубу же жокпу, бул суроону франциялыктар референдумда чечет. Бул жөнүндө президент Франсуа Олланд 27-январда Анкарадагы визити маалында билдирди. Олланддын айтымында, Түркия Евробиримдикке өтүү боюнча 35 бөлүмдөн турган реформаны аяктаса эле, Түркияны мүчөлүккө алуу жөнүндө Франция референдум өткөрөт. Түркия азыр реформанын 14 бөлүмүн бүткөрдү, деди Олланд. Бирок референдум качан болору белгисиз.

Франсуа Олланд акыркы 22 жылда Түркияга келген Франциянын биринчи президенти. Франциянын мурдакы лидери Николас Саркози Түркия Евробиримдиктин башка мамлекеттеринен көп айырмаланып турат деп, өлкөнүн Биримдикке кирүүсүнө каршы чыккан.

Евробиримдик жакында премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүн коррупицялык иликтөөлөрдөн улам сотторду көзөмөлдөөнү күчөттү деп сындады.

XS
SM
MD
LG