Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Нааразылар Жумгал милициясынын алдына эки боз үй орнотту


Ушу тапта Нарындын Жумгал райондук милициясынын алдында эки боз үй тигилип, элүүдөй киши чогулуп турат. Кабарчыбыздын айтымында, Кара-Кечеде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин жакындары тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп, кылмышка шектүү милиционерлердин камалышын, ал жерге ички иштер, саламаттыкты сактоо министрлери менен акыйкатчынын келишин жана облустук милиция башчысы Нарынбек Молдоисаевдин кызматтан алынышын талап кылууда. Алар Мамбеталиевди милиция кызматкерлери өлтүргөн деп эсептейт.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов "Азаттыкка" ал жерде боз үй тигилгенин тастыктап, чогулгандардын саны 30дун тегерегинде экенин айтты. Анын билдиришинче, Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган эки милиционер өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил каттын негизинде соттун чечими менен камактан чыгарылган. Буга Бишкекте эки жолу өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертизанын тыянагы негиз болгон. Анда Мамбеталиев ур-токмоктон эмес, өзү өлгөнү жазылган.

1-декабрда Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечеде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп Жумгалдын милиционерлерине карата кылмыш иш козголгон. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG