Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:41

Коргоо министрлиги интернеттеги тасма боюнча түшүндүрмө берди


Коргоо министрлиги аскерге жаңы барган жигиттердин келтектелиши сүрөттөлгөн тасма тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, видео 2009-жылы Улуттук гвардиянын бөлүктөрүнүн биринде тартылган. Тасмадагылардын тек-жайы аныкталды. Иликтөө иштерин аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат.

“Армиядагы дедовщина жөнүндө кезектеги факт” деп аталган тасма ушул жумада социалдык тармактарга жайылган. Анда аскерге мурдараак чакырылган жигиттер жаңы келген жоокерлерди зомбулук көрсөтүп жатканы сүрөттөлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG