Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Египет: Мурсинин соту 22-февралда улантылат


Египеттин бийликтен кулатылган президенти Мухаммед Мурсинин соту 22-февралга чейин токтотулду. Сот жараяны айыптоочулар иш менен дагы жакшылап таанышуусу үчүн токтотулганы маалымдалды. 28-январдагы сот кезде темир тордо отурган Мурси судьяга ”Сен кимсиң?” деп кыйкырды. Экс-президент 2011-жылкы Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан элдик толкундоолор маалында 20 миңдей адамдын түрмөдөн качуусуна катышы бар деп айыпталууда. Мурси менен кошо 130 адам соттолууда.

Бейшемби күнү Ички иштер министрлигинин мартабалуу кызматкери, генерал Мухаммед Саедди мотоциклчен адамдар атып кеткени расмий маалымдалды.

Ошондой эле куралчан адамдар Каирдеги христиан чиркөөсүн күзөткөн полициячыларга кол салып, бир адам ок жаңылып өлдү. Эки адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG