Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Чаткалдагы жабылган жол ачыла элек


Калың карга байланыштуу Чаткал районун башка аймактар менен байланыштырган жол жабык турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” район акими Канжарбек Эшалиев билдирди. Учурда аймакта бир метрге жакын кар бар.

Кар көчкү коркунучу сакталып тургандыктан, 27-январда акимдин буйругу менен Красная Горька - Ак-Таш жана Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолдору жабылган.

Айылдардагы карды тазалоо иштерин Унаа жана байланыш министрлигинин техникалары жүргүзүп жатат. Акимдин айтымында, азырынча аймакта азык-түлүк коопсуздугу жок.

Жыл сайын кыш маалында Чаткал районунун жолдору жабылып, республиканын башка аймактары менен байланыш убактылуу токтойт. Райондо 25 миңге жакын киши жашайт. Эл негизинен мал чарбасы менен алектенет. (SE)

XS
SM
MD
LG