Ысык-Көлдүн облустук бийлиги мындан ары жарандардын арызын электрондук почта аркылуу да кабыл алат.
Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын айтымында, интернет аркылуу арыздарды кабыл алуу облустагы ар бир райондук администрацияда да жолго коюлат. Бул кадам тургундардын убактысын үнөмдөө максатында ишке ашып жатат.
Өткөн жылы облустук бийликке 694 адам түрдүү арыз-даттануу менен кайрылган. (MK)