Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Баткенде аскерлерге концерт тартууланат


Баткен шаарында бүгүн жарандык активисттер аскерлерге акысыз концерт уюштурат. Маданият үйүндө өтчү иш-чарага өлкөнүн белгилүү ырчылары жана куудулдары катышат. Аларга эч кандай акы төлөнбөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын уюштуруучусу Элима Жапарова билдирди.

Концерт өткөрүү демилгеси бир жума мурун Фейсбук колдонуучулары тарабынан жаралган. Аны социалдык тармактардагы активдүү ырчылар колдоп, жоокерлерге ыр-майрам тартуулоо 29-январга белгиленген.

Иш-чаранын максаты – аскер адамдарына моралдык колдоо көрсөтүү. (SE)

XS
SM
MD
LG