Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Бишкекке иш сапарга келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коргоо кеңешинин катчылыгынан кабарлашты.
Мурдагы күнү Бордюжа Дүйшөмбү шаарына барып, тажик жетекчилиги менен сүйлөшкөн.
Соңку кезде чек ара маселесине байланыштуу кыргыз-тажик мамилелери өзгөрүп, кыргыз тарап Тажикстандагы элчисин чакыртып алган. 11-январда Баткенде Кыргызстан куруп жаткан унаа жол боюнча чатак чыгып, атышуу болгон. Тажик тарап ал жерди талаштуу деп эсептейт. (RK)