Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:08

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу ачылды


Чаткалда кар көчкү коркунучуна байланыштуу убактылуу жабылган Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу кайра ачылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ал эми бул жол менен кошо жабылган Красная Горка – Ак-Таш унаа жолу кар көчкү коркунучу дагы эле болуп жатканына байланыштуу жабык турат.
 
Cоңку күндөрү кардын калың жаашына байланыштуу тоодогу унаа жолдордо кооптуу абал сакталууда.
 
Аксы районундагы Кашка-Суу айылында кечээтен бери дайыны табылбай жаткан беш киши кар көчкү астында калган болушу мүмкүн деп айтылууда. (RK)

 

XS
SM
MD
LG