Кыргызстанда милициянын зордук-зомбулугуна кабылган кумсалардын укугун коргоо үчүн көз каранды эмес орган түзүлүшү керек. Мындай сунушун бүгүн адам укугун коргоочу Human Rights Watch уюму билдирди. Аталган уюм Кыргызстандын төрт шаарын кыдырып, 40 кумса кишинин пикирин билген. Алардын баары милиция кызматкерлеринин кордугуна кабылып жашап келатканын айткан.
Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов бул боюнча арыз келип түшпөгөнүн, эгер мындай окуя катталса, сөзсүз иликтенээрин "Азаттыкка" билдирди. (EBM/RK)
Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов бул боюнча арыз келип түшпөгөнүн, эгер мындай окуя катталса, сөзсүз иликтенээрин "Азаттыкка" билдирди. (EBM/RK)