Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Президент ЖККУнун баш катчысы менен коопсуздукту талкуулады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, уюмдун ички кызматташтыгына байланыштуу, Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен аймактагы коопсуздукту чыңдоо жана туруктуу абал камсыз кылуу боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле чек ара маселелери козголду.

27-январда Николай Бордюжа тажик жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Соңку кезде кыргыз-тажик чек ара маселеси көйгөй жаратууда.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG