Ош шаары быйыл КМШ мамлекеттеринин маданий борбору деп аталды. Бул тууралуу бүгүн маданият министри Султан Раев журналисттерге маалымдады. Өткөн жылы мындай макамга Түркмөнстандын Мары жана Беларустун Могилёв шаарлары ээ болгон. Быйыл Ош менен бирге Казакстандын Алматы шаары аталды. Султан Раевдин маалымдашынча, буга байланыштуу быйыл Ошто бир катар маданий иш-чара мерчемделген жана ал 2010-жылдан кийинки Оштун имиджин көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. (ZB/RK)