Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

30-январга карата аба ырайы


30-январда Кыргызстандын аймагында маал маалы менен жаан, кар жаайт. Тоолордо кар көп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Таласта түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5, кечкисин -5ке чейин төмөндөйт,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Бийик тоолордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -7...-12.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Айрым учурда кар катуу жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 3...5 градус жылуу, кечкисин -5ке чейин төмөндөйт.

XS
SM
MD
LG