Шейшембинин кечинде жасаган жылдык билдирүүсүндө президент Барак Обама Украинада элдин өз пикирин «эркин жана тынчтык мүнөздө» билдирүү укугун АКШ колдой тургандыгын бышыктады.
Обама Украинанын эли өз келечегин өзү аныктоо укугуна ээ экендигин белгиледи. Украинанын оппозиция лидери Арсений Яценюк Твиттердеги куш катында Обаманын колдоосун бааларын жазып, ошондой эле «Украинанын жаркын келечеги үчүн аракеттерди улантабыз» деп кошумчалады. Ак үйдөн билдиришкендей, АКШнын вице президенти Жо Байден президент Виктор Янукович менен кечээ телефондон сүйлөшкөндө «бул күнү Украинада жасалган жылышка» колдоо билдирип, оппозиция менен сүйлөшүүнү улантууга үндөдү.