Кумтөр боюнча 2003-жылкы келишимди түзүүгө катышкан деп айыпталган мурдагы финансы министри Болот Абилдаев кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Абилдаевдин адвокаттары кылмыштын жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ишти кыскартууну суранган. Cудья Кымбат Архарова бул өтүнүчтү канааттандырды.
Өткөн аптада Кумтөр боюнча 2003-жылкы келишимди түзүүгө катышкан деген айып менен соттолуп жаткан төрт жаран - мурдагы өзгөчө кырдаалдар жана экология министри Темирбек Акматалиев, Юстиция министрлигинин экс-статс-катчысы Нурлан Алымбаев, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурдагы жооптуу кызматкери Дүйшөнбек Камчыбеков жана өкмөттүн аппаратынын мурунку кызматкери Азимбек Жолошев да жоопкерчиликтен бошотулган болчу.
Кумтөр боюнча 2003-жылдагы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деген негизде Баш прокуратура былтыр жайында кылмыш иш козгоп, ошол кездеги келишимди түзүүгө катышкан 12 адамга айып таккан болчу. (BkA/RK)