Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

ӨКМ тоодогу жолдордо жүрүү кооптуу болуп жатканын эскертти


Синоптиктердин маалыматында, алдыда үч күн бою Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан, кар жаайт. Тоолордо кар көп жаайт. Ошого байланыштуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү таратты. Анда зарыл болбосо жарандар кооптуу аймактар аркылуу жүрбөй коё туруусу туура болоору айтылат.

"Кырсыкка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, кандайдыр бир кооптуу жагдайды байкасаңыз, дароо 101 номуру аркылуу куткаруучуларга маалымат бериңиз. Өрт-куткаруу кызматынын 101 номерине бардык телефондор аркылуу чалуулар акысыз. Эгерде 101ге чалуу мүмкүн болбосо, анда уюлдук телефон аркылуу чалууларды акысыз кабыл алган министрликтин (0800) 222-2-222 номуруна чалып, байланышса болот".

Кечээ Аксыда дайынсыз жоголгон беш киши кар көчкүдө калган болушу мүмкүн экени айтылууда. Ал эми бүгүн Токтогулда бир короо койду кар басып калды. (RK)

XS
SM
MD
LG