Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:11

Аксыда кар көчкүдө калган төрт кишинин сөөгү табылды

Жалал-Абаддын Аксы районунда кар көчкү астында калган төрт кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында 27-январда Жайык айылынын 5 тургуну ат менен мал издегени чыгып, ошо бойдон дайынсыз жоголгон. Алардын изи айылдан 25-30 чакырым алыстыкта жайгашкан Тас-Бел жайлоосуна келип токтогон.

Бүгүн сөөгү табылгандар – Таалай Айталиев, Апсалбек уулу Мунарбек, Эрнис Кокоев, Мирлан Шатманов экени аныкталды. Ал эми Мирлан Шерматовдун сөөгү изделүүдө. (RK/SE)
Куржундар
XS
SM
MD
LG