Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

ЕККУнун ишине жарандык коом кеңири тартылат


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ишине жарандык коомдун тартылышына өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу бүгүн Швейцария элчилигинен кабарлашты. Белгилүү болгондой, быйыл Швейцария ЕККУда төрага болууда. Негизинен жаштардын пикир билдирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүчү иш-чаралар уюштурулмакчы.

Буга чейин Швейцариянын жардамы менен Кыргызстанда Академия ачылып, коомдук тартип боюнча атайын долбоор ишке ашырылган. Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы 1992-жылы 30-январда башталган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG