Жалал-Абаддын Аксы районунда кар көчкү астында калгандардын баарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.
Кашка-Суу айыл аймагында 27-январда Жайык айылынын 5 тургуну ат менен мал издегени чыгып, дайынсыз жоголгон болчу. Алардын изи айылдан 25-30 чакырым алыстыкта жайгашкан Тас-Бел жайлоосуна келип токтогон.
Жоголгон кишилер жана алардын аттары бүгүн – 29-январда табылды.
Кырсыктан каза тапкандар:
1. Айталиев Таалай Тургунбекович, 1975-жылы туулган;
2. Шатманов Мирлан Мамадалиевич, 1977-жылы туулган;
3. Кокоев Эрнис Жанышбекович, 1978-жылы туулган;
4. Шерматов Мирлан Эрматович, 1981-жылы туулган;
5. Апсалбек уулу Мунарбек, 1993-жылы туулган. (SE)