Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Москва шаарында 26-январда киши колдуу болгон Кыргызстандын 27 жаштагы жаранынын өлүмүнө шектүү деп жергиликтүү үч тургун кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиядагы кыргыз элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады.

Каза болгон жигит Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Ал түнкү саат бирлер чамасында өзү жашаган Введенская көчөсүндөгү үйдүн жанында киши колдуу болгон. Кылмышка шектелип, жергиликтүү милиция тарабынан кармалган жарандардын баары 15-16 жаштын тегерегиндеги уландар.

Каза болгон жигиттин сөөгү 28-январда мекенине жиберилген.

Орусияда соңку кездери мигранттарды сабоо жана өлтүрүп кетүү фактылары көбөйгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG