Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Путин менен Меркел Украина тууралуу сүйлөштү


Орус президенти Владимир Путин жана немис канцлери Ангела Меркел Украинадагы акыркы абалды телефон аркылуу талкуулашты. Меркел Путинди украиналыктарды конструктивдик баарлашууга үндөөгө чакырды. Кремль болсо Украинанын ички иштерине сырткы күчтөрдү кийлигишпөөгө үндөдү.

Шаршембиде Москва Киевге 15 миллиард доллар экономикалык чукул жардам берүү тууралуу келишимди аткаруудан мурда Украинада жаңы өкмөттүн түзүлүшүн күтө турууну айткан.

Украин өкмөт башчысы 28-январда отставкага кеткен. Жаңы өкмөттүн курамына европачыл оппозиция өкүлдөрү кирээри белгисиз.

Ал арада шаршемби күнү Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча төрайымы Кэтрин Эштон президент Виктор Янукович менен жолугушуудан кийин өлкөдөгү “күч колдонууну” токтотууга чакырды. Жогорку Рада өкмөткө каршы акцияларда кармалгандарга мунапыс берүү маселеси боюнча талкуусун улантты.

XS
SM
MD
LG