Белгилүү тажик режиссеру Барзу Абдураззоков Бишкектеги Орус драма театрында контракт боюнча иштемей болду. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлоодо. Анын билдиришинче, театр режиссеру өткөн жекшембиде Бишкекке туруктуу жашаганы көчүп келди, бирок үй-бүлөсү мекенинде калды. Бишкектеги театр Абдураззоковду үй менен камсыз кылып берди.
Тажик маданият министри Шамсиддин Орумбеков "режиссер өз өлкөсүнүн маданиятын өнүктүрүүгө салымын кошсо жакшы болмок, бирок ар ким өз тагдырын өзү чечүүгө укуктуу" экенин айтты.
Абдураззоков Бишкекте иштеп жатканына бир жылдай убакыт болуп калган. Ал Султан Раев менен бирге "Меккеге карай узак жол" чыгармасын сахналаштырган. Кыргызстандын "Учур" театры менен тыгыз кызматташып келген. Былтыр Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын бирин сахнага алып чыккан үчүн мыкты режиссер аталган.
Мекенинде ал коомдук-саясый окуяларга карата өз пикирин билдирип келгени үчүн туруктуу иши жок жүргөн.
Орус драма театрынын жетекчиси Александр Кулинский Абдураззоков боюнча анын жана Тажикстанда калган үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна байланыштырып комментарий берүүдөн баш тартты.(RK)