Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:28

Кара-Суу базарындагы чырды облустук комиссия териштирет


Оштун Кара-Суу районундагы "Кара-Суу" базарынын жашылча-жемиш саткан "Уркуя" кичи базарында чыккан чырды облустук комиссия териштирет. Бул тууралуу бүгүн соодагерлер менен жолугушууда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков билдирди. Комиссиянын курамына нааразы тараптын 5-6 өкүлү да кирмекчи. 
 
Кечээ аталган кичи базардын 200-300дөй сатуучусу пикет уюштуруп, соода орду үчүн жер акынын 2 миң сомдон 2,5 миңге көбөйүшүнө нааразылык билдирген. "Уркуя" базарынын аткаруучу директору Анипа Самиева жер акы 500 сомго кымбатташынын себебин "Азаттыкка" базарды тейлөөгө кеткен чыгымдын көбөйгөнү менен түшүндүргөн. (YI/RK)

 

XS
SM
MD
LG