Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

«Золотой орел» кино сыйлыгы тапшырылды


Москвада шаршемби кечинде «Золотой орел» («Алтын бүркүт») кино сыйлыгы тапшырылды. Эң мыкты көркөм тасма деп хоккейчи Валерий Харламовго арналган «Легенда номер 17» тасмасы табылды. «Географ глобус пропил» тасмасынын режиссеру Александр Велединский режиссерлор үчүн башкы байгени алды. Ушул эле тасмада башкы ролдорду ойногон Елена Лядова жана Константин Хабенский мыкты актер деген наам алышты. Жылдын эң мыкты чет өлкөлүк тасмасы катары Альфонсо Куаронун «Гравитация» тасмасы жарыяланды.

«Золотой орел» 2002-жылдан бери тапшырылып келет. Мыктыларды Орусиянын Кинематографиялык искусство жана илими боюнча улуттук академиясы тандайт. (AiK)

XS
SM
MD
LG